Султанов Чыгыш, Европа жана Азия үчүн баңгизат саясаты боюнча Комиссиянын төрагасы менен жолукту

ИИМдин БМЖКККнын башчысы Улан Султанов менен Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн баңгизат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Александр Квасневскийдин жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Чыгыш, Борбордук Европа жана Борбордук Азия үчүн баңгизат саясаты боюнча Комиссиянын (ECECACD) төрагасы Александр Квасневский башында турган делегациясы менен жолугушту.


“Жолугушууда Уланбек Султанов менен Александр Квасневский Кыргызстандагы жана Европа өлкөлөрүндөгү баңгизаттарга каршы учурдагы кырдаал боюнча маалымат алмашып, баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.


Жыйынтыгында Тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө маселелери боюнча өз убагында маалымат, тажрыйба, укук колдонуу практикасын алмашуу үчүн жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө макулдашышты.

342839e8 1003 4bde 8fea 839869957260 Султанов Чыгыш, Европа жана Азия үчүн баңгизат саясаты боюнча Комиссиянын төрагасы менен жолукту
44691cb8 ea10 4132 8408 1e5499abead3 Султанов Чыгыш, Европа жана Азия үчүн баңгизат саясаты боюнча Комиссиянын төрагасы менен жолукту