Камчыбек Ташиевдин атын жамынган жалганчы адам кармалды

Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Д.С., К.Ж. аттуу жана РФ жараны – Д.Б. акчасын жана унаасын мыйзамсыз ээлеп алган “Адилет” аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүү жөнүндө арыз менен УКМКна кайрылышкан.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 13-июнда Н.А.Х. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин уулу катары өздөрүн тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган “Тойота Приус” үлгүсүндөгү унааны, ошондой эле 400 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатты ээлеп алышканы аныкталды.

“Азыркы учурда УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле, башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.

УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып жана кылмыштуу максатта пайдаланган учурда кылмышкерлерге колдонуудагы мыйзамдар боюнча катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.

Мындай фактылар болгон учурда КР УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312620585, 0312660475 номурларына кайрылууну суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.