Сот эркекти зордуктоо боюнча ишти жапты

Бишкектин Свердлов райондук соту тараптардын элдешкенине байланыштуу эркекти зордуктоо боюнча ишти жапты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, аны 17-январь күнү Ибраимов көчөсүндөгү үйдүн батиринде күч колдонуп зордуктаган таанышына чара көрүүнүн суранган.

1998-жылы туулган шектүү кармалып, СИЗОго киргизилген. Андан кийин “бачабаздык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бирок жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, соттон айыпталуучуга кылмыш ишин козгоону токтотууну суранган