Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине экстремизмди алдын алуунун жолдору үйрөтүлдү

Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-июнунда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 50 жакын кызматкерине «Жазаларды аткаруу мекемелеринде экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу» аттуу темада семинар уюштурулду.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен эки тараптуу мерчемделген иш-планынын негизинде жана 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында Юстиция министрлигне караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 50 жакын кызматкерине туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана абакта олтурган жарандар арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.


Аталган семинарда ИИМдин ЭММКАКтын кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев кызматкерлерге «Кыргыз Республикасынын аймагында экстремизм, терроризм түшүнүгү алардын келип чыгуу себептери», «Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы», «Кылмыштуулуктун алдын алууда социалдык жоопкерчилик», «Киберкоркунучтар жана алардын алдын алуунун жолдору», «Жаштардын радикалдашуусу жана экстремисттик идеологияларга азгырылуусу», «Улуттар аралык ынтымак – мамлекеттин бүтүндүгү», «Радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ролу» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддарды, баяндамаларды жасап, видеороликтерди көрсөттү.
Ошондой эле, экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы күч түзүмдөрү менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү тажрыйбаларын бөлүштү.
Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан канаттандыраалык жооптор берилип, катышуучулар тарбынан сунуштар айтылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

e0c0a015 d5e3 40d1 acec 37893e4db732 Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине экстремизмди алдын алуунун жолдору үйрөтүлдү