Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылды

Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылып алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июнда Бишкек шаарында Ч.Б.Т. аттуу жарандын жеке үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн, натыйжада үйдүн короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган.

«Табылган жерди текшерүүдө өсүмдүктөр жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды. Өстүрүлгөн кара куурай бадалдары белгиленген тартипте алынып, контролдук таразага ылайык, баңгизаты бар өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 130 кг болду. Учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

КР УКМК курамында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү кылмыш болуп саналаарын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

354522169 1181222589938904 5806737652505146981 n 1 825x452 1 Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылды
c7d40e91 59c7 469e 9517 bf0020d83d70 Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылды
62795c9c e5fc 4300 9a0b 34282cf971f8 Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылды
23251d7d bb71 4bac a393 7cdd472e4172 Бишкекте 130 килограммдан ашык өстүрүлгөн кара куурай табылды