Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан бир күндө эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 176 миң сомдук 16 протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тартип бузгандардын арасында жеке адамдар гана эмес, юридикалык жактар да бар:
— Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик окуу жайы;
— «Умай Групп» ЖЧКсы;
— «Бай-бол Компани» ЖЧКсы;
— «Дордой Дыйкан» ЖЧКсы;
— Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык турак жай-эксплуатациялык базасы;
— «Булак» базары.
Мэрия шаардын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.