
Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Аскердик доктринасынын долбооруна «тышкы агрессия» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады.
“Тышкы агрессия түшүнүгүн сөзсүз киргизишибиз керек. Өзүңүздөр билгендей 2021-2022-жылдары бул көйгөйдү биз көрдүк. Агрессияга жасаган каршы кыймыл-аракетибиз доктринада да көрсөтүлүшү зарыл”, — деди Жээнбек Кулубаев.
Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Садыр Жапаров Аскердик доктринанын жаңы долбоорун тезирээк иштеп чыгып, ишке киргизүү керек экенин айтты.