Беш айда пенсиянын каржыланышы 29 млрд 631,6 млн сомду түздү

Кыргызстанда пенсиянын каржыланышы январь-май айына 29 млрд 631,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалым болгондой, облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

– Бишкек шаары — 4 млрд 722 млн сом;

– Чүй облусу — 4 млрд 456,6 млн сом;

– Нарын облусу — 2 млрд 337 млн сом;

– Ысык-Көл облусу — 2 млрд 692,4 млн сом;

– Талас облусу — 1 млрд 234,4 млн сом;

– Ош шаары — 1 млрд 057,3 млн сом;

– Ош облусу — 5 млрд 457,7 млн сом;

– Баткен облусу — 2 535,6 млн сом;

– Жалал-Абад облусу — 5 млрд 138,2 млн сом.

Белгилей кетсек, пенсиянын каржылануусу 2022-жылдын 5 айында 22 млрд 746,7 млн сомду түзгөн.