Бишкекте алты скважина казыла баштады

Бишкектин кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы алты скважина куруп, бургулоо пландалып жатканын мэрия билдирди.

Скважиналар пайда болчу аймактар:

Профсоюз — Нарвская;

Лев Толстой — Логвиненко;

Жайыл Баатыр — Чортеков;

Ахунбаев — Көк-Жаңгак;

Ауэзов — Анкара;

Театр гүл бакчасы.

“Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды, анын тереңдиги 120 метр, секундасына 17 литр суу чыгарат. Эми Профсоюз көчөсүнүн эки тарабына сугат суу толук жетип турат”, — деп айтылат маалыматта.

Иштер “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан улантылары белгиленди.