Палестинанын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

27-28-августта Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.

Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.