Жээнбек Кулубаев Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту

21-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигерлентүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле тараптар жакында Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошектин Кыргызстанга болгон иш сапарын жана өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу министр Ж.Кулубаев чех тараптын кароосуна маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашуулардын долбоорлорун сунуштады.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле учурда Чехия төрагалык кылып жаткан Кыргызстан менен Евробиримдиктин диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет. Ошону менен бирге, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргызстандын өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүлгүс позициясын баса белгиледи.