Жээнбек Кулубаев Ереван шаарындагы ЖККУнун жыйынына катышат

10-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ереван шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, ЖККУнун ишмердүүлүгү, уюмдун кризиске каршы аракеттенүү механизмин өркүндөтүү маселелерин талкууланат.

Натыйжада кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.