Акыйкатчы институту саясат талдоочу Марат Казакпаевдин абалы менен таанышты

Акыйкатчы институту саясат талдоочу Марат Казакпаевге медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептен өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда (ТИЗО) камакта болгон Марат Казакпаев 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин улуттук госпиталда дарыланып жатканын, кардиологияга жаткыруу үчүн негиз болбогондон кайра ТИЗОго алып келингендиги маалым болгон.

Бирок, 9-июнда белгилүү болгондой, саясат талдоочу комага түшүп калган оор ахыбалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Акыйкатчынын кызматкерлери Марат  Казакпаев жаткан №1 шаардык оорукананын неврология бөлүмүнө барып абалы менен таанышып, дарыгери жана туугандары менен сүйлөшүп, маалымат алышты. Дарыгер Т. Кыдыровдун айтуусунда Марат Казакпаев тез жардам бригадасы менен 9- июнда эртең менен саат 9 чамасында комага келип түшкөн.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылык кылуу беренеси менен былтыртан бери УКМКнын имаратында камакта жаткан.

Буга чейин УКМК Марат Казакпаевдин ден соолугу туурасында маалымат тараткан.