Президент Марат Казакпаевдин жана Бакыт Асанбаевдин табышмактуу өлүмү боюнча дыкат текшерүү үчүн атайын комиссия түздү

УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучунун өзүн-өзү асып каза болгон Бакыт Асанбаев жана саясатчы Марат Казакпаевдин УКМКнын тергөө абагындагы каза болгондугун текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, бул фактылар дыкат текшерилет. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча эки табышмактуу өлүм боюнча обьективдүү комиссия текшерүү иштерин жүргүзөт. аталган комиссия ар тараптуу текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзөт, анын жыйынтыгы менен президент таанышат.

Эске салсак, тогузунчу июнда саясатчы Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагында өзүн жаман сезип, кийин ал комага түшүп, ооруканадан каза болгон.

18-июнда 102 кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу А.Б. өзүн-өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестрине катталып, учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген “Айыл Банк” ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Б.Р. асынып алган