Жо Байдендин велосипедден жыгылып түшкөн видеосу тарады

АКШнын президенти Жо Байдендин велосипедден жыгылып түшкөн видеосу тарады.

АКШнын президенти Жо Байден Дэлавер штатындагы өзүнүн Рехобот-Бичтеги үйүнүн жанынан эртең мененки велосипед менен машыгуудан кулап түштү. Ал жубайы Джилл менен бирге түтүн булатышканына быйыл 45-чи жылын майрамдап жатышкан, деп билдирет Daily Mail.

Байдендин үй-бүлөсү велосипед менен машыкканды жакшы көрүшөт. Велосипедден кулап түшөөрдөн мурда ал репортерлор менен саламдашып: «Кутман таң!» деп айтканга жетишкен.

андан кийин эле Байден кулаган, атайын кызматтын кызматкерлери 79 жаштагы президентке жерден турууга жардам беришкен..

«Менде баары жайында», —деди президент жерден туруп жатып аны курчаган журналисттерге. Байден кошумчалагандай, анын бут кийими педальга такалып калган.

Байден кайра эле машыгуусун уланткан жана анын ден соолугуна бул жагдай таасир берген эмес.

Эске салсак, буга чейин да Байден учакка чыгып бара жатып кулаган.