Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди.

kazakpaev Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди

Бул тууралуу Казакпаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, Марат Казакпаев бүгүн, 9-июнда эртең менен ооруканага түштү.

«Тергөө камагында жаткан Марат Казакпаев «Тез жардам» кызматы менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Учурда инсульт алып комада жатат», — деп билдирди Айткулов.

Эске салсак, Казакпаев өткөн жылдын апрель айында кармалган. Ага карата КР Жазык кодексинин 307-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.