ВИДЕО: Бишкекте кичи автобус менен тез жардам унаалары сүзүштү

14-июнда Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде кичи автобус менен тез жардамдын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Окуя саат 18:30да тез жардам унаасы сирена менен чакырууга бара жаткан. Аталган көчөлөрдүн кесилишинде автобустун айдоочусу аны сүзүп алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматынын фельдшери жабыркап, аны экспертизага алып кетишкен. Микроавтобустун жүргүнчүсү да жабыркады – ал денеси көгала жана мээси чайкалып ооруканага жаткырылды.