Шайлообек Атазов 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштады

Бүгүн, 9-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Свердлов шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, кыздар чет өлкөгө ата-энеси менен гана чыгышы керек.

“Мигранттарыбыз боюнча маселе абдан көп. 18-20 жаштардагы кыздарды чет өлкөлөргө ата-энелери менен гана чыгарсак.

Же болбосо турмушка чыккандан кийин гана чыгышы керек. Бул маселе боюнча Миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү комитетке келип, бизге маалымат берсин. Бул боюнча мыйзамдарды карашыбыз зарыл”, — деди депутат.