Садыр Жапаров Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында эле конфискацияланганын билдирди

резидент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясы карылар үйү болорун билдирди.. Бул тууралуу ал Би-Би-Си кыргыз кызматынын суроолоруна жооп берген учурда айткан.

«Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү»,-деген Жапаров.

Жапаров «Атамбаевдин тарапкерлери Арашанда митинг кылып, курч мүнөздөгү талаптарды койду. Өлкөдө чындап эле революциялык кырдаал түзүлдүбү?» деген суроого дагы жооп берип, төмөндөгүлөрдү кошумчалаган.

«Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон.

Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын.

Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет»,-деген ал.