Индиянын тышкы иштер министри Минакши Лекхи жумушчу сапары менен Бишкекке келди

9-июнда Индиянын тышкы иштер министри Минакши Лекхи жумушчу сапары менен Бишкекке келди. Иш сапар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Жолугушуулар алкагында соода-сатык жана инвестициялык тармактарга, эл аралык уюмдар менен аймактык бирикмелер алкагында мындан аркы аракеттенүүгө басым жасалып, эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланат”,- деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жылдык соода жүгүртүү 40 миллион доллардын тегерегинде. Анын ичинен Кыргызстан Индияга 5 миллион долларлык товарды экспорттойт. Ал эми Индиядан келген импорттун көлөмү 30 миллион доллардан ашат.

Кыргызстан Индияга айыл чарба продукцияларын, анын ичинен сүт азыктарын, кургатылган мөмө-жемиштерди жана бал сатат. Индиядан Кыргызстанга көбүнчө дары-дармек келет.