Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланды

Нурбек Абдиев Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук маселелерин талкуулаган жыйынга катышты

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен Индия Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин аппаратынын ортосунда коопсуздук боюнча сунуштарды талкуулаган жыйындын экинчи этабы болуп өттү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ал эми Индия Республикасынан келген делегацияны Индия Республикасынын Улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Викрам Мисри жетектешти.
Тараптар аймактык коопсуздукту камсыздоо, терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка формаларына каршы аракеттенүү, аскердик жана аскердик-техникалык, билим берүү, медицина жана айыл-чарба тармактарындагы биргелешкен аракеттерди талкуулашты.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча презентациясын сунуштады.
Мындан тышкары, ИИМдин башчысынын орун басары эки өлкөнүн ведомстволорунун укук коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө маалымдады.

2faebe64 2f4d 4268 a533 96f35f485380 Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланды


“Мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо ар бир өлкөнүн башкы милдети болуп саналат. Биз бир гана мамлекеттин күчү менен кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү мүмкүн эместигин так түшүнөбүз. Анткени анын дээрлик бардык көрүнүштөрү трансулуттук мүнөзгө ээ жана жалпы чара көрүүнү талап кылат. Бул иште маанилүү критерийлер болуп-биргелешкен аракеттердин макулдашылгандыгы, башкы максатка жетүү үчүн өз ара ишеним жана купуялуулукту камсыздоо-региондо туруктуулукту жана коопсуздукту сактоону колдоо болуп эсептелет.
Макулдашылган мамиле жана укук коргоо органдарынын тыгыз өз ара аракеттенүүсү гана дүйнөдө жана региондо уюшкан, чек арадагы кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө ийгиликти камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын ИИМи бул багыттагы иштерди жүргүзүүдө КМШ аянтчасында, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын – Интерполдун, ЖККУнун, ШКУнун, Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы аймактык-маалыматтык координациялык борборунун жана башкалардын ишинин алкагында көп тараптуу форматта түзүлгөн механизмдерди кеңири колдонот.
Интерпол УББнын жана КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жана катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын ИИМи кызматташууга дайыма даяр жана укук коргоо түзүмдөрүнүн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл деп эсептейт: маанилүү маалыматтар менен өз убагында жана ыкчам алмашуу; биргелешкен аракеттерди кылдат пландаштыруу; уюшкан кылмыштуу бирикмелердин бардык мүчөлөрүн кармоо үчүн биргелешкен иш-чаралар; ыкчам кызматтардын так координациясы жана өз ара аракеттенүүсү”, – деди Нурбек Абдиев өз сөзүндө.
Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле бул жыйынга каралып жаткан маселелерге тиешеси бар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

0bc9789f 4383 4d4c aed2 4bdd16c74568 Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы коопсуздук маселелери талкууланды