Милиционерлер Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери милициянын старшинасы Дуулат Азатов “Алтын-Кум” эс алуу жайында 2023-жылдын 20-июль күнү саат 18:45 чамасында сууга чогуп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан.

Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.