Сосновкада ЖКККБ кызматкеринин погонун жулган жигит кармалды

Жайыл районунун Сосновка айылында жол кайгуул кызматкерине баш бербей, погондорун жулуп алган жигит кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-августта Чүй облустук ЖКККБдан тастыкташты.
Маалым болгондой, кечээ, 26-августта Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Жайыл районунун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан Сосновка айылынын Нарежная көчөсүндө алкоголдук ичимдик ичкен деген шек менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда аталган унаанын жүргүнчүсү укук коргоо органдарына тоскоолдук кылып, коомдук тартипти бузуп, жол кайгуул кызматкеринин погондорун жана кийилүүчү жилеткисин жулуп алган.


Аталган факт Жайыл РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин
(бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.
“Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн
кызматкерлери тарабынан К.С.К аттуу жаран кармалды. 2000-жылы туулган, убактылуу
кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишин иликтөө уланууда”, – деп билдиришти мекемеден.