УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды

УКМКнын берген маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 10-июнунда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


“Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, жеке менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган.
Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат”, – деп айтылат маалыматта.


Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

497dfeb4 6488 4d3e 84d5 55ef52e9061a УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды
90381c03 846d 47cc 8f83 5eb4dfb0face УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды
e2ae6868 0174 4fab a554 b565a604cd21 УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды
e62e3465 7d2f 4c8d 91c2 c2a841c46e76 УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды
9105e84f 6ccf 45e3 8367 10cb82a38565 УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды