Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер системалуу түрдө аткезчилик жолу менен товарларды ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып алып келүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш иши тергелүүдө. 2023-жылдын апрель айынан тарта “К.Г.” ЖЧКнын, “Г.Д.” ЖЧКнын, “А.Т.” ЖЧКнын жана “К.Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

“Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКнын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын “Ош” Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле Т.Т.Ж. жана А.А.А. компанияларынын өкүлдөрү кармалып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

      
0a85e1c8 3900 4991 864e 0af8487bf704 Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
1d5113b3 abdd 4164 a8b0 bb1c5becde4c Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
550fea72 95fb 48f2 a854 1eba33e59d23 Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
f9abf663 fdc2 47d8 b6d9 b6109d39d223 Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
d8d83278 d0fb 4f0f be16 f55c7fa3409d Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
6643f53a 65c5 4fd0 b095 113844cbe58f Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
e62357fc 2f5d 411c aa16 84c7c67e3bf8 1 Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды
a80b6c61 45ce 415a 8bfe 168503038bbb Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды