Манас РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жай мезгили келген соң, аба-ырайы жогорку даражага жетүүдө. Жарандар тоолуу аймактарга жана суу жээктерине эс алууга чыгышат.

Маалыматта Манас РИИБдин кызматкерлери райондун аймактарын кыдырып Чоң-Капка, Таш-Көл жана ири суу бөлүштүрүүчү жайлар текшерилип. Кооптуу агын суунун жээктерине эскертүү белгилерди илишкени айтылат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Май айыл аймагынын кызматкерлери менен биргелешип, көчмө кабылдама юридикалык жардам көрсөтүү менен чектелбестен, ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоого жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Коомдук коопсуздук жана ар кандай кырсыктарды алдын алуу боюнча областын ар кайсы жерлеринде жана аймактарда кызуу иштер жүргүзүлүүдө.

d0db678e 58bb 4e34 8dc0 3b675e9c17be Манас РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда
a1b7d35e b46a 4240 9fe6 221f47dbb803 Манас РИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда