ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан видеобайкоо тутумун ишке киргизүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта укук коргоо органдары заманбап технологияларды колдонуусу жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүк берет. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө санарип технологияларды киргизүү, кылмыштарды өз убагында аныктоо, эскертүү, бөгөт коюу, анын бетин ачуу, кылмышкерлерди жанга дайынсыз жоголгондорду издөө зарылчылыгынан келип чыкканы айтылат.

77aa4c2f 77a1 48a8 a0c1 b183462c8855 ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда


Белгилеп кетүү керек, соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү аныктоо, анын ичинде кылмышкерлерди мамлекеттер аралдык издөөнү уюштурууну өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу учурда өзгөчө мааниге ээ болууда.
Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарга карата издөө иштерин уюштуруу укук коргоо органдарынын ишинин маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Белгилей кетсек, жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу кылмышка шектүүлөрдүн коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кетүүсү болуп саналат.
Адамдарды мамлекеттер аралык издөө – КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эл аралык келишимдерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык кылмышкерлерди табуу жана андан ары камакка алууга же издөөдө жүргөн адамдардын бардык категориялары жөнүндө маалымат берүүгө багытталган ыкчам-иликтөө, издөө, маалыматтык-аналитикалык жана башка иш-чараларынын комплекси.
2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке кирди. Иш башталгандан бери жана 12-июнга карата адамдардын жүзүн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган көптөгөн жарандар аныкталган.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бир катар бөлүмдөрү – Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле башка кызматтары жана бөлүмдөрү биргелешип иш алып барууда. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлдү. Россиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген.
Сегиз күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган.
Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар.
Жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары, учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда издөөгө алынган.

1ac33cf7 0257 479b 8d24 31986720e302 ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда
3f91e8a2 9471 4724 a5a7 a03cf8abef7c ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча видеокамералар орнотулууда