Кыргызстан: коммерциялык эмес уюмдарды чектеген россиялык үлгүдөгү мыйзам долбоору четке кагылсын


Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдар Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты.

Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:

Биз, төмөндө кол койгон укук коргоочу уюмдар Кыргызстан парламентинин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууга үндөйбүз. Олуттуу деңгээлде Россия мыйзамдарына таянган жана чет жакадан каржыланган уюмдарды биринчи кезекте куугунтукка алып, алардын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталган аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому, атап айтканда укук коргоочулар жана укук коргоочу уюмдар үчүн тикелей жана олуттуу коркунуч туудурат. Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда өлкөдөгү буга чейинки жарандык коомдун өнүгүү жаатындагы жетишкендиктери жокко чыгарылып, бейөкмөт уюмдарынын адам укугун илгерилетүү, муктаждарга жардам берүү жана коомдук кызыкчылыктарды колдоого алган башка программаларынын жүзөгө ашыруусундагы бейөкмөт уюмдарынын негизги ролун начарлатмакчы. Аталган мыйзам долбоорунун кабыл аланышы Кыргызстандын адам укугу тармагындагы эр аралык милдеттенмелерине каршы келерин жана өз ара кызматташуу программалары жана колдоо көрсөтүүгө терс таасирин тийгизет деп белгилеп, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүн бул репрессиялык мыйзам чыгаруу демилгесине каршы чыгууга үндөйбүз.
Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү пакети Кыргызстан парламентине (Жогорку Кеңешке) расмий түрдө 2023-жылдын 19-майында 33 депутат тарабынан кийрилген. Аталган мыйзам демилгеси 2022-жылдын ноябрь айында парламенттин депутаты тарабынан коомдук талкууга берилген мыйзам долбоорунун жаңылатылган түрү. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстан парламентинин депутаттары тарабынан 2013-жылы демилгеленип, бирок 2016-жылы мыйзам чыгаруучу орган тарабынан четке кагылган “чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорунун жоболоруна шайкеш келет. Бирок, бул кезек мыйзам долбоорунун парламент тарабынан кеңири колдоого алынышын эске алып, жарандык коомдун өкүлдөрү анын мүмкүндүү тездетилген түрдө кабыл алынуусунун олуттуу коркунучу бар экенинен кооптонушат. Парламент мыйзам долбоорун караштырууга киришти, жана да ал ушул айда добушка коюлушу толук ыктамал. Мыйзам парламенттин үч окуусунан кийин күчүнө кирип, мындан кийин ага президент тарабынан кол коюлмакчы.
Кезектеги мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк агенттер” термини колдонулбайт, бирок чет мамлекеттерден, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкө жарандарынан же башка чет өлкө булактарынан финансылык колдоо алган коммерциялык эмес уюмдар үчүн башка куугунтуктоочу чара болжонгон. Эгер мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда бул түрдөгү уюмдар эгер алар “саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн” болсо, “чет өлкө өкүлүнүн иш-милдетин аткарган” катары каттоодон өтүшү зарыл. “Саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн” термини “мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган чечимдерине таасир этүү максатында” акцияларды жүргүзүү, ошондой эле бул максаттарда “коомдук көз карашты калыптаган” сыяктуу кеңири аныктамага ээ. Каттоосунун жок болушунда Юстиция министрлиги бул түрдөгү уюмдун ишин соттун чечими жок алты айга чейин токтотуп турууга укуктуу.
Мыйзам долбоору менен ошондой эле “чет өлкө өкүлдөрү” катары катталган уюмдардын отчеттуулугу боюнча түйшүктүү жаңы милдеттенмелер күчүнө кирип, Юстиция министрлиги алардын ишине пландалган жана пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү ыйгарым укугуна ээ болмокчу, мисалы, алар улуттук мыйзамдарды бузду деп көрсөткөн, так эмес маалыматтын негизинде.
Кабыл алынгандан кийин мыйзам долбоору бийликке чет жакадан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарды өз билишинче куугунтукка алып, алардын ишине тоскоолдук жаратууга жол бермекчи. Мыйзам долбоорундагы аныктамалардын так эместигинен каалаган укук коргоочу жана башка бейөкмөт уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн ишмердүүлүк “саясий ишмердүүлүк” катары таанылышы мүмкүн. Мисалга, жарандык коомдун коомдук жалпы кызыгууну туудурган маселелер боюнча кабардар болуусун жогорулатуу боюнча демилгелери, же калктын аярлуу тобунун укуктарын коргоого же, социалдык же экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган коомдук иш-чаралар мыйзамдын алкагына кирген катары караштырылышы мүмкүн. Натыйжада жүздөгөн укук коргоочу жана башка уюмдар “чет өлкө өкүлдөрү” катары каттоодон өтүү же бул макам менен келе турган чектөөлөрдөн жана беделине зыян келтирип алуудан алыс болуу үчүн өз ишмердүүлүгүн токтотуу керек деген кыйын тандоо абалында калышмакчы.


Укук коргоочу жана башка коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана калкты тынчсыздандырган маселелер боюнча коомдук көз карашка таасир эте алат, кааланбаган “саясий кийлигишүү” менен алектенип жатат деген туура эмес тыянактар мыйзам долбооруна өбөлгө болгондугу бизди тынчсыздандырууда. Чындыгында, мындай ишмердүүлүк жарандык коом уюмдарынын адаттагы милдети. Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылоо алуу түшүнүгүн чет өлкө кызыкчылыктарын көздөйт деген түшүнүккө шайкеш келтирип, бул себептен коммерциялык эмес уюмдардын чет өлкөлүк каржылоосу коопсуздукка коркунуч туудуруучу катары кабыл алынып жатканы чочулантат. Бул чоң жаңылыштык. Укук коргоочу жана башка бейөкмөт уюмдары өз ишмердүүлүгү туурасында каржылоо булагынан көз карандысыз, өз алдынча чечим чыгарышат, жана да максаттуу топторунун керектөөлөрүнө жараша ишин алып барышат.
Бириккен Улуттар Уюмунун атайы Баяндамачысы тынч жыйындар жана бирикмелердин эркиндиги туурасында маселе боюнча белгилеп кеткендей, ресурстарды ички сыяктуу эле, чет өлкө булактарынан алуусу бирикменин эркиндикке болгон укугунун эң маанилүү бөлүгү. Учурда Кыргызстандагы көпчүлүк укук коргоочу жана башка бейөкмөт уюмдар улуттук деңгээлде каржылоо алуу мүмкүнчүлүгү ээ болбогондуктан, чет өлкөлүк каржылоодон көз каранды болуп келишет. Бардык коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде чет жакадан каржылангандары да мамлекеттик көзөмөлдө болушуп, түрдүү мамлекеттик органдарга өз иштери жана финансысы туурасында такай отчет берип турушат. Жарандык коом өкүлдөрү белгилегендей, Кыргызстандагы мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар дагы чет өлкө жардамынан колдонушат, бирок бул эмнегедир чечим чыгаруучу тараптар үчүн көйгөй болуп саналбайт.


Мыйзам долбоору ири көлөмдө Россиянын 2012-жылдагы “чет өлкө агенттери” жөнүндөгү баштапкы мыйзамынан көчүрүлүп алынгандыктан, акыркы он жыл аралыгында Россияда орун алган окуяларды эске алуу зарыл, алар бул түрдөгү мыйзам долбоорунун бүлдүрүүчү таасиринен кабар берип турат. Бул мыйзам алгач кабыл алынган күнүнөн тартып, россиялык бийлик өкүлдөрү аны жарандык коомго карата болгон улам күч алган репрессиялар алкагында мамлекеттик эмес уюмдарды беделин кетирүү, куугунтуктоо жана басмырлоо максатында колдонуп келишкен, ал аракеттердин жүрүшүндө жүздөгөн укук коргоочу жана башка топтор “чет өлкө агенттери” катары таанылып, ондогон уюм жабылууга мажбур болгон. Россиялык мыйзамдар улам кулачын жайып, кучагына бейөкмөт уюмдарды гана эмес, ЖМКларды, өзүнчө укук коргоочуларды, юристтерди жана журналисттерди да алды, мунусу менен аталган мыйзамды мамлекеттик саясатка жана социалдык көйгөйгө карата ачык сын-пикирдин орун алышында жаза куралы катары колдонду.


Кыргызстанда каралып жаткан мыйзам долбоору чет өлкөлүк каржылоодогу уюмдарды куугунтукка алып, алардын үстүнөн болгон көзөмөл режимине гана жол берип тим болбостон, ал ошондой эле бардык коммерциялык эмес уюмдарга карата аша чапкан, негизсиз жана басмырлоочу чектөөлөрдү киргизмекчи. Атап айтканда, мыйзам долбоорунун аркасынан Юстиция минстрлиги коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу жана аларга кийлигишүү боюнча кеңири ыйгарым укукка ээ болуп, анын ичинде алардын ички документациясына жеткиликке сурам берип, алар уставдык максаттарга ылайык иш алып барып жатканын текшерип, ички иш-чараларына катышуусу үчүн өз өкүлүн жөнөтүп, ошондой эле болжолдуу бузууларды жоюусун талап кылуусу менен жазуу түрүндөгү эскертүүлөрдү берүүгө укуктуу болмокчу. Юстиция министрлиги ошондой эле талап кылынган маалыматты өз убагында бербегени же алар көздөгөн максаттарга ылайык келбеген ишмердүүлүгү үчүн чет өлкөлүк коммерциялык уюмдардын филиалдарын учеттон чыгарууга укуктуу болушат.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле ишмердүүлүгү “жарандардын саламаттыгына зыян келтирген” же жарандарды “өз милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы келчү аракеттерди жасоого үндөгөн” коммерциялык эмес уюмду түзгөнү, башкарганы жана ага катышканы үчүн кылмыш жазасы каралган. Бул бүдөмүк аныктамадагы укук бузуулар үчүн ири көлөмдөгү айып пул түрүндөгү же он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, б.а. сунушталган жоболор негизделген Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренесинде каралгандан да катаал жаза.


Мыйзам долбоору Кыргызстандын адам укугу жаатындагы эл аралык милдетттенмелерине ылайык келбейт, атап айтканда анын 22-беренеси бирикмелердин эркиндик укугун болжогон Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысы. Коммерциялык укуктун эл аралык борбору (ICNL), “Адилет укуктук клиникасы” жана “Бир Дүйнө-Кыргызстан укук коргоочу кыймылы” сыяктуу жарандык коом уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн мыйзам долбоорунун эксперттик баалоосуна ылайык мыйзам долбоору адам укугу жаатында колдонулган стандарттарга туура келбейт. 2022-жылы декабрь айында жарыяланган аралык корутундуда Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюм мыйзам долбоорунун жоболору (буга чейин анча көп убакыт өтпөй парламент мүчөсү тарабынан коомдук талкууга чыгарылган) бирикменин эркиндигине болгон укугуна туура келбестинин аныктап чыкты. Айрыкча Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу мыйзам долбоорунда камтылган “чет өлкө өкүлдөрү” аттуу аныктамасы укуктук аныктык жана белгилүүлүк принцибине туура келбей, мунусу менен аткаруучу органдардын аракеттерине чексиз эркиндик берет. Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу ошондой эле мыйзам жарандык коом уюмдарын гана куугунтуктап тим болбостон, аларга карата ишенбестикти, кооптонууну жана кастыкты жаратмакчы деп эскертет.
2022-жылы октябрь айында Кыргызстан тарабынан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысын сактаганын караштырууда БУУнун Адам укугу боюнча комитети парламент депутаттарынын “чет өлкө агенттери туурасында мыйзам долбоорун кабыл алуу аракеттерин сын-пикирге алып, бейөкмөт уюмдарынын (БӨУнун) ишин жөнгө салуучу каалаган мыйзам “иш жүзүндө БӨУлардын ишин негизсиз көзөмөлдөөгө же ишине кийлигишүүсүнө алып келбегендей” кылып камсыздап берүүгө үндөгөн. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысынын катышуучу мамлекети катары Кыргызстан пакт жоболорун сактоого милдеттүү жана Адам укугу боюнча комитеттин сунуштарын аткарышы керек. Мындан тышкары, Преференциялар плюс жалпы схемасынын бенефициары катары Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысы боюнча өз милдеттенмелерин натыйжалуу аткарышы абзел, ага ылайык Кыргызстан ЕБ менен кеңири соода преференцияларынын колдонуп келет.


Мыйзам долбоору ошондой эле Кыргызстан өкмөтү аны БУУ кеңешинин мүчөсү катары шайланганга чейин 2023-2025-жылдарга чейин адам укугу боюнча берген убадаларына, атап айтканда өлкөдөгү жарандык коом кудуретин бекемдөө туурасында убадасына каршы келет.
Парламент депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбооруна карата кооптонууларыбыз анын Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана жарандык активдүүлүгү начарлаган абалдында пайда болушу менен күч алат. Акыркы айларда негизги эркиндиктерди ишке ашыруудагы чектөөлөргө жана жарандык коом үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган бир катар башка мыйзам долбоорлору демилгеленген, алардын ичинде 2022-жылдын күз айларында президент администрациясы тарабынан иштелип чыккан коммерциялык эмес уюмдар туурасында башка мыйзам долбоору. Учурда аталган мыйзам долбоорун курамына өкмөт, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү кирген иш тобу тарабынан кайра каралып жатат, бирок ал дагы бирикмелердин эркиндигин ашыра чектөөгө алып келиши мүмкүн деген кооптонуу жаратууда.


Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргызстан бийлигин укук коргоочу жана башка бейөкмөт уюмдарга тиешеси бар каалаган мыйзам демилгелери толугу менен эл аралык стандарттарга ылайык келишин жана ала жарандык коом өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер менен биргелешип иштелип чыгуусун камсыздап берүүсүнө чакырат элек. Коммерциялык эмес уюмдар туурасында Парламентте 2023-жылдын 19-майында катталган мыйзам долбоорунун демократиялык коомчулуктун бир бөлүгү болууга умтулган өлкөдө орду жок, жана ал учурдагы түрүндө жокко чыгарылышы керек. Биз мыйзам демилгечилеринин арасындагы бир нече парламент өкүлү аны колдоодон баш тартканын кубаттайбыз жана башка депутаттарды да алардын жолун жолдоого чакырмакчыбыз. Европа биримдиги, анын мамлекет-катышуучулары, Европанын эркин соода биримдигинин өлкөлөрү жана Кыргызстандын башка өнөктөштөрү кезектеги мыйзам долбоору туурасында тынчсыздануусун билдирүүдө, өлкө бийлиги укук коргоочу уюмдарга, ошондой эле бейөкмөт топторго алардын мыйзамдуу жана маанилүү ишин негизсиз кийлигишүүсү жана басмырлоосу жок аткаруусуна уруксат беришин талап кылууда болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу зарыл.

Кайрылууга кол койгон уюмдар:
Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR)
Норвегия-Хельсинки комитети
Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу
Front Line Defenders
Freedom Now
Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация (FIDH)
Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT)