Депутат: “комитетке келген коноктор каалаган сөзүн сүйлөп жатышат, кубалап чыгыш керек буларды”

Бүгүн, 13-июнда депутат Чыңгыз Ажибаев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет жыйынга келгендерге нааразы болду.

«Акыркы күндөрү жаман көрүнүш болуп калды. Биздин комитетке чакырылган коноктор келип алып каалаган сөзүн сүйлөп жатышат. Элди дүрбөлөңгө салуу менен туура эмес маалыматтарды берип… Азыр бизди Кыргызстандын эли карап отурат. Ушуга окшогон эр-азаматтарга чара көрүш керек, бул биринчи жолу эмес. Катуу чара көрүп, болбосо залдан кубалап чыгыш керек буларды. Тартипти сактабайбы чыгарыш керек»,-дейт Ажибаев.

Белгилей кетсек, учурда комитет жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралып жатат. Анда айрым депутаттар Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловго нааразы пкирлерин айтышты.