
Баткен облусуна караштуу Суу-Башы, Кыштут айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Баткен райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин буйругу менен Өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтар өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
