
Ысык-Көлдө жаш жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү милицияга “Тез жардам” кызматынын дарыгерлеринен “Золотые пески” пансионатында бир адам чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери саат 18:30да 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну пансионаттын пляжына келгенин аныкташкан.
Сууга чөккөн адамдын денесинен көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес. Бул факты катталып, иш козголду.