Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты кармаган жаран кармалды

8-июнь күнү болжол менен таңкы саат 7.30 чамаларында, Тоң районунун Кош-Кара-Көл тилкесиндеги көлмөсүнүн жээгинде, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери рейд жүргүзүү учурунда, Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну 38 жаштагы Б.Ы. кармалды.

Бул тууралуу облустук милициядан илдиришти.

“Жарандан резина кайык, узундугу 320 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 39 даана мыйзамсыз кармалган балык табылып алынган.
Алынган балыктардын арасында 10 даана “Сазан” балыгы, 9 даана “Карась” балыгы, 5 даана “Чабак” балыгы бар экен. Ошондой эле, милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген «Ысык-Көл ак балыгына” болжолдуу 15 даана балыгын алышты”, – деп айтылат маалыматта.

4fc96869 c6ea 41f5 8ddc 65e481cd5327 Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты кармаган жаран кармалды


Аталган факт Тоң РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алынган балыктардын түрлөрүн жана келтирилген зыянды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга да жөнөтүлдү.

b47793b2 6369 4c25 962b 2756a7e17d78 Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты кармаган жаран кармалды


Текшерүү уланууда.