Курсан Асановго, уулуна, айдоочусуна жана өкүл баласына сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 8-июнда Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго, анын уулу Мухаммед-Али Асановго, айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулуна жана өкүл баласы, «Чындык» гезитинин мурдагы башкы редактору Турсунбек Бейшенбековго өкүм чыгарды.

Соттун чечими менен Курсан Асанов жана Турсунбек Бейшенбеков Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, ошол эле учурда, кылмыш жообуна тартуу убактысы өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.

Эскерте кетсек, бир нече жыл мурда интернетке мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тарабынан жазылган түшүнүк кат тарап, Разаковго карата «Тажикстандын агенти» деген сөздөр айтыла баштаган. Бул окуядан кийин Разаков Асанов менен Бейшенбековдун үстүнөн арыз жазган.

Ошол эле учурда Курсан Асанов, уулу Мухаммед-Али Асанов, айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков Кылмыш-жаза кодексинин 43-44-45-320-беренелери (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (Кылмышка кошо катышуу беренелери) боюнча акталды. Аталган иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясынан кийин козголгон.