Курсан Асанов абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 14-октябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ушул эле күнү шаардык соттун имаратынын алдына Асановдун 50гө чукул тарапкери топтолуп аны бошотууну талап кылып турушту.

16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы өзгөчө оор кылмыш жасагандар отурган №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар соттун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Алар Асановду үй камагына чыгаруу же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу өтүнүчүн келтиришкен