Бишкекте кафеден сыналгы менен кийимдерди уурдап бара жаткан жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-июнь күнү саат 05:30 чамасында ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери катарууда турган мекемеге кайгуул жүргүзүп жаткан учурда сыналгы жана кийимдерди көтөрүп бараткан жаранды байкаган.

Аны токтотуп сураганда, буюмдарды жакын жайгашкан кафелердин биринен уурдап чыккандыгы аныкталган.
Кармалган жаран 1978-жылы туулган А.Д. Бишкек шаарынын №7 шаардык бөлүмчөсүнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.