Кызыл-Кыядагы мектепте тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун желеги табылды

Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин аянтынан бүтүрүүчүлөргө арналган тактанын жанынан тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик-террористтик уюмунун (ЭТУ) желеги табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле тосмонун дубалдарына: “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.

2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “ИМ” ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген “ИМ” ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

d7dce45c 96e7 47a5 91b4 11ebd68e0cc1 1 Кызыл-Кыядагы мектепте тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун желеги табылды
dd28170c 8ae8 44d9 944a db8b59c2994d Кызыл-Кыядагы мектепте тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун желеги табылды
0a915490 e7b9 4c52 9999 f2959c54c8c6 Кызыл-Кыядагы мектепте тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун желеги табылды
9db637e4 014e 4482 8099 6d1e88d3a981 1 Кызыл-Кыядагы мектепте тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун желеги табылды