Жапаров: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоор өзгөчө мааниге ээ

 Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусун ачып жатып: “Борбор Азия менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу потенциалга ээ”, — деп белгиледи.

Мамлекет башчысы Астанадагы биринчи жолугушуудан бери Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында бир нече маанилүү иш-чаралар болуп өткөндүгүн белгиледи.

Алар Өз ара байланыш боюнча Самарканд конференциясы, жакында Алматы шаарында өткөн экинчи Экономикалык форум, ошондой эле Айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча жогорку деңгээлдеги конференция.

“2021-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн биринчи Европа Бирлиги — Борбор Азия экономикалык форуму биздин соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн инновациялык жана прагматикалык жолдорун иштеп чыгуу үчүн, ишкер чөйрөлөрдүн жакындашуусу жана иштешине шарттарды түзүү үчүн көп тараптуу кызматташуунун жаңы платформасын ийгиликтүү баштап бергенин баса белгилөө мен үчүн жагымдуу. Жалпысынан биздин Борбор Азия чөлкөмү жөнүндө, анын зор потенциалы жана эң сонун өнүгүү перспективалары жөнүндө сөз кылып жатып, мен төмөндөгү жагдайларга көңүл бургум келет. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптандыруу чоң артыкчылыкка ээ болот”, — деди Садыр Жапаров. Ал Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү эсептелерин белгиледи.

Президент дал ушул аракет дүйнөлүк экономикага интеграция болууга түрткү болорун, аймактагы ички байланышты камсыз кыларын баса белгиледи. Биздин өлкө жана региондогу башка коңшу өлкөлөрү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоор өзгөчө мааниге ээ.

“Бул мега-долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш регионуна, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жүк ташуу географиясын кеңейтет. Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен биздин аймактын дүйнөлүк таасир этүүчү борборлордун өз ара жагымдуу аракеттенүүсүн жүзөгө ашырылуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Борбор Азия менен Европа бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүдө Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясы жана ЕБдин “Global Gateway” демилгеси негиз боло алат”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук коридорлор боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгаары күтүлүп жатканын, ал дагы жакынкы жылдарда тыгыз иштөөгө негиз боло тургандыгын кошумчалады.

“Борбор Азия стратегиялык жайгашуусу менен Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн чоң потенциалга ээ, муну менен Европа менен Азияны бириктирүүчү хаб болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул эки регионго тең пайда алып келеринде шек жок. Туруктуу транспорттук байланыштар боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Алматыда өткөн форумда европалык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн финансылык дараметин активдүү тартуу менен транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча биринчи кезекте жол картасын макулдашуу жөнүндө өз ара түшүнүүгө келишкен.

Ушуга байланыштуу, бул чөйрөдө кызматташууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформаны түзүү сунушун киргизип жатам. Дүйнөдөгү азыркы курч геосаясий кырдаалга жана жаңы чакырыктардын пайда болушуна карабастан, Борбор Азиянын экономикасы кыйла туруктуу болуп чыкты жана өнүгүүсүн улантып жатат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү боюнча мурдагы божомолдор жогорулатуу жагына кайра каралууда”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал жаңыланган божомолдор боюнча быйыл региондун экономикасы 4,8% өсөөрү күтүлүп жатканына басым жасады. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыркы 20 жыл ичиндеги орточо жылдык экономикалык өсүш темпи 6,2% түздү. Региондогу өлкөлөрдүн өз ара соодасы тышкы соодага караганда тез темп менен өнүгүп жатат.