
Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалды. Чыгымдардын сметасын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти.
Эске салсак, добуш берүү 28-майда өттү.
Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.
Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген.
Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.