Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү

28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү.

Алдын-ала жыйынтыгы боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 52,12%ын колдоосуна ээ болду.

Ал эми анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,88% топтоду.

Эске салсак, 14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында экинчи айлампа дайындалган.