Ленин округу боюнча шайлоого бюджеттен 18,5 млн сом жумшалды

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалды.  Чыгымдардын сметасын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти.

Эске салсак, добуш берүү 28-майда өттү.

Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.

Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.