УКМК: Мамлекеттик ишкананын директору 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

      Маалыматта айтылгандай, УКМК жер казынасын пайдалануу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратабыз деп коркутуп, инвесторлордон акча талап кылып, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылуу менен, мамлекеттик ишканалардын биринин башкы директору  2,5 млн сом өлчөмүндө пара менен кармалды. 

      "Аталган башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
      Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи соттолуучу «Б.А.Н.» пара менен кармалды.
      Алынган далилдердин негизинде кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ага байланыштуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралмакчы", - деп айтылат маалыматта.

      Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет.
      Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
65dbc890 8e42 4a11 838d 518b2a6f6d2a УКМК: Мамлекеттик ишкананын директору 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды
06705cae a613 41be 943d 33ee16ccce45 УКМК: Мамлекеттик ишкананын директору 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды
d796a7d3 db37 4616 a5bf 8f342ab52fd6 УКМК: Мамлекеттик ишкананын директору 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды