Жапаров: Тажикстан менен достуктун жана ынак коңшулук духунда кызматташууга дилгирбиз

Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинде билдирди.

Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтык сүйүүчү саясатты карманып, чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

«Биз Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан Республикасы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз», – деди президент.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан Кытай тараптын глобалдык коопсуздук боюнча демилгесин колдойт.

«Биз Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жалпы адамзаттын тагдыры, глобалдык өнүгүү жана глобалдык цивилизация боюнча демилгелери бар коомчулукту түзүү тууралуу жаратман идеяларын колдойбуз. БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиптерин ишке ашырууда мындай идеялардын маанилүү ролун жана зарылдыгын жогору баалайбыз. Ошондой эле Кытай тараптын коңшу мамлекеттердин жалпы келечегинин шериктештигин түзүү боюнча жигердүү аракетин жогору баалайбыз. Бул Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот деп ойлойм”, — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.