Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Райондук соттун басма сөз кызматы Темирбек Эркиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү бергенин билдирди.

Атайын кызмат коррупция боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында Темирбек Эркиновду кармап, Биринчи Май райондук соту аны 4-майда 3-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Темирбек Эркинов 2021-жылы, ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.