Байсалов Бакиевдин маеги боюнча депутаттарга жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасындагы окуялар боюнча пикири менен бөлүштү.

Эдил Байсалов соцтармакта жазган билдирүүсүндө айрым депутаттарынын Курманбек Бакиевден маек алган журналист Кадыр Кошалиевге чара көрүү боюнча талаптарына жооп берген.

“Биринчиден, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана журналист кимден маек алгысы келерин өзү чечет. Экинчиден, жаран катары Курманбек Бакиев өз кызыкчылыгын жана укугун коргоого укугу бар. Бул кылмыш иши боюнча сотто же өлкөнү башкарган учурдагы ишине тарыхый баа берүү үчүн коом алдындагы жоопкерчилиги болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, азыркы жетекчиликтин позициясы – элди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетүү. Экс-президенттер кандай болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары бөлүп-жаруу ордуна бул саясатты колдосо болмок”, -деп жазган Байсалов.

Эске салсак, экс-президент Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. Маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

Бакиев маегинде өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы көтөрүлгөнүн, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы, ага карата чыккан сот өкүмү, ал президент болуп турган мезгилде орун алган буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроолорго жооп берген. 

Талкуулардан соң УТРК Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин кабарлаган.

Кошалиевдин пикиринде, ал эч кандай мыйзамды бузган эмес жана журналисттик этиканы сактагандыгын билдирген.