Баткен: Лейлекте жаңы мектептин курулушу жүрүүдө

Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айылындагы жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мектеп 225 орунга ылайыкташкан.

«Бүгүнкү күңдө аткарылган жумуштардын көлөмү 25% түзөт. Учурда жер иштери 100%, пайдубалы 100%, 1-кабаттын дубалы, 1-кабаттын плитасы 100% бүткөрүлдү, 2-кабатта кыш кыноо иштери 90% аткарылды», — деп кошумчалашты мекемеден.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын башында Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов мектептин капсула салуу аземине катышып, курулуш иштерин баштап берген.