ОшМУда Ачык эшиктер күнү өттү

Ош мамлекеттик университетинде Bilimfest 2023 — Ачык эшиктер күнү өттү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы 3 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер катышты.

Билим фестивалынын жүрүшүндө келген коноктор факультеттер, институттар, колледждер, лицейлер тартуулаган билим жарманкеси менен таанышты. Ошондой эле каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болушту.

Абитуриенттердин билимге болгон ынтызарлыгын күчөткөн университеттин окуудан жана спорттон мыктыларынын парады көрсөтүлдү.