Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык “Евразия Индастри” компаниясы

Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык “Евразия Индастри” компаниясынын (Ляонин) ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлдү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Документке министр Данияр Амангелдиев жана компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Цзян Юйсян кол коюшкан.

Тараптар белгилегендей, Кыргызстанда жаңы энергия булактарын (электромобилдерди) пайдалануу менен автомобилдерди жыйноочу завод куруу, анын ичинде электромобилдерди тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө өз ара кызыкчылыкты карайт. Өлкөдө электромобилдерди тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана аккумуляторлорун алмаштыруучу станциялар бар экени айтылды.

Меморандумдун алкагында “Евразия Индастри” Бишкекте электромобилдерди жыйноочу заводдун курулушуна инвестиция салууну пландаштырууда. Министрликтин маалыматы боюнча, инвестициянын көлөмү 150 миллион долларды түзөт, долбоор ишке ашкандан кийин 500 жаңы жумушчу орун пайда болуп, жылына 5 000 электромобиль чыгарылат.