Дмитриевкадагы операция: 13 турист Канттагы жатаканага жайгаштырылды

Дмитриевка айылында атайын операция учурунда жапа чеккен чет элдик туристтер Канттагы жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине алардын бири Дмитрий Анисимков билдирген.

«Милициянын сурактарынан кийин биз өрттөнгөн үйгө жок дегенде кандайдыр бир нерселер аман калганбы деген үмүт менен бардык. Үйдүн күлү гана калган. Милиция кызматкерлери жеринде ишин улантып жатышыптыр. Бизге жергиликтүү акимчиликтин өкүлдөрү келип, Кантка алып барып, убактылуу жатаканага жайгаштырышты», — деди ал.

Ал кошумчалагандай азыр алар жакындары менен байланышып, мындан ары эмне кылуу керектигин түшүнүүгө аракет кылып жатышат, анткени ижарага алган үйү менен кошо алардын бардык буюмдары эмес, документтери да күйүп кеткен.

«Баары башталганда милиция кызматкерлери бизди эмне кийип турсак ошол кийимибиз менен үйдөн алып чыгышты. Кимдир бирөө тапичкечен, бири бут кийим кийгенге да үлгүрбөй калды. Эч нерсеси жок калды. Жеке гигиеналык каражаттар да жок. Жардам берүүгө даяр волонтерлор байланышышты, аларга керектүү нерселердин тизмесин бердик», — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, бүгүн Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде атышуу болгон. Ички иштер министрлиги колго түшүрүү учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн террорист жок кылынганын билдирди. Атайын операциянын жүрүшүндө күч органдарынын эки кызматкерлери жабыркаган. Үй ээлеринин айтымында, ал киши бир нече күн мурун батирди ижарага алган.