Алайда жер көчкүсү активдешип, эки турак үйгө коркунуч жаралды

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер көчкү бир күн ичинде 1 метр аралыкка жылган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500м³ түзөт.

ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу башчысы, Будалык айыл аймагынын башчысы жана жарандык коргонуу адиси жер көчкү активдешкен аймакка барышты.

Учурда 2 турак үйдүн жарандары коопсуз жайдагы туугандарыныкына көчүрүлүп, жер көчкү айыл аймактын башчысынын көзөмөлүнө алынды.