Өзбекстандын жараны аткезчилик жүк менен кармалды

Баткенде Өзбекстандан контрабандалык жол менен терезе жана эшик фурнитураларын алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Өзбекстандын А.И. аттуу жараны башкарып келе жаткан Lacetti унаасын токтотуп, текшерүүгө алган. Унаанын жүк салган бөлүгүндө пластик терезелер жана эшиктер үчүн фурнитура товарлары табылган. Аталган товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Анын салмагы 632 килограммды түзүп, баасы 198,7 миң сомго жетет.

347129310 1279615896320506 8135451020508980681 n Өзбекстандын жараны аткезчилик жүк менен кармалды
347127401 549602553918172 1169661540662905151 n Өзбекстандын жараны аткезчилик жүк менен кармалды